Кыргызстанга шекер убактылуу бажы алымсыз келип турат

23-апрель, 2021-ж. / Редакция / Коом 12

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйынында кабыл алынган чечимге ылайык, ЕАЭБ аймагына шекерди импорттоодо бажы алымды убактылуу алат.

Мындай тарифтик жеңилдиктер 2021-жылдын 15-майынан 30-сентябрына чейин болот. Арменияга 22,4 миң тонна, Казакстанга 134,4 миң тонна, Кыргызстанга 40 миң тонна, Россияга 350 тоннадан ашык эмес өлчөмдө ташылып келген кумшекер бажы алымынан бошотулат.
Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши белгилегендей, чечим расмий жарыялангандан тартып 10 календардык күндө күчүнө кирет.

ЕАЭБге кирбеген өлкөлөргө шекер ташып киргизүү үчүн бажы алымы тоннасына 340 долларды түзөт.

23-апрель, 2021-ж. / Редакция / Коом 12
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X