Кыргызстанга «Спутник V» вакцинасы келди

23-апрель, 2021-ж. / Редакция / Медицина 11

Кыргызстанга Россиядан «Спутник V” вакцинасы келди. Вакцинаны кабыл алуу аземине Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, Кыргызстандын биринчи вице-премьери Артём Новиков жана саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.
Алымкадыр Бейшеналиевдин айтуусунда, келген 20 миң дозанын ичинен 15 миңин Кыргызстан сатып алды, калганы гуманитардык жардам катары берилди.

Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, өндүрүү көбөйтүлсө вакцинаны жеткирүү көлөмү дагы көтөрүлөрүн билдирди. “Кыргызстан жалпы жонунан миллион доза алууну пландап жатат. Анын жарымы гумжардам катары берилет», — деди Удовиченко.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, вакцинанын биринчи партиясындагы бир дозасынын баасы 10 долларга турду. 20 миң доза 10 миң кишиге жетет.

23-апрель, 2021-ж. / Редакция / Медицина 11
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X