Кышкы мезгилге даярдык. Бишкек ЖЭБде негизги агрегаттар оңдолууда
Алдыдагы 2026/2027-жылдардын күз-кыш мезгилинде керектөөчүлөрдү жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз жана ишенимдүү камсыз кылуу максатында «Бишкек ЖЭБ» муниципалдык ишканасында пландуу оңдоо иштери улантылууда.
Учурдагы оңдоо өнөктүгү станциянын негизги жана көмөкчү жабдууларын, ошондой эле өндүрүштүк имараттар менен курулмаларды камтыйт. Бул иштер жылытуу мезгилиндеги жогорку жүктөм шарттарында жабдуулардын туруктуу жана коопсуз иштешин камсыздоого багытталган.
Бекитилген графикке ылайык, от казан цехинде №12, №14 жана №23 от казан агрегаттарына орточо оңдоо жүргүзүү, ошондой эле №16 агрегатта учурдагы оңдоо иштерин аткаруу пландалган.
Турбиналык цех боюнча №5, №8, №9, №10 жана №11 турбиналык агрегаттарга учурдагы оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, 2025-жылы башталып, үстүбүздөгү жылга өткөн №7 турбиналык агрегаттын капиталдык оңдоосу аяктоодо. Ошондой эле №3 жана №4 энергетикалык блоктор жана жылуулук берүүчү жабдуулар да пландуу оңдоодон өткөрүлүүдө.
Ишканадан билдиришкендей, бардык оңдоо иштери бекитилген мөөнөттөргө жана өндүрүштүк пландарга ылайык аткарылып жатат. Бул иштердин комплекстүү жүргүзүлүшү жабдуулардын ишенимдүүлүгүн жогорулатып, алдыдагы күз-кыш мезгилин туруктуу өткөрүүгө өбөлгө түзөт.