Кышкы Олимпиада-2022 оюндары расмий жыйынтыкталды

21-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Спорт 59

Пекинде өткөн Кышкы Олимпиада-2022 оюндары кечээ, 20-февралда расмий жыйынтыкталды. Расмий эсеп боюнча олимпиада оюндарына 2871 спортчу катышты. Алар cпорттун 15 түрү боюнча күч сынашты. Жалпы 109 медалдын комплектиси ойнотулду. Алтын медалдардын саны боюнча биринчи орунга Норвегия, экинчи орунга Германия чыкты, үчүнчү орунду Кытай ээледи. АКШ бул жолу төртүнчү орунга чыкса, Орусия тогузунчу орунда болду. Оюндар коронавирус пандемиясынан улам катаал чектөөлөрдүн шартында өттү. Баардык спортчулар жана аларды коштоп келген адамдар улам тест тапшырып, олимп шаарчада эркин жүрө алышкан жок. Эми кийинки Кышкы Олимп оюндары 2026-жылдын февраль айында Италияда өтөт.

21-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Спорт 59
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X