Быйылкы кыш мезгили кыргызстандыктар үчүн кезектеги оор сыноо болгону калды көрүнөт. Эмитен эле энергетика тармагындагы абал жана кабыл алынган чечимдер мына ушундан коңгуроо кага баштады. Бир жарым ай мурда өлкөнүн энергетика тармагында быйылкы жана алдыдагы жылдарга карата өзгөчө абал жарыяланды. Эми өкмөт кышкысын электр энергиясы менен үй жылытууга тыюу салуу маселесин кароодо. Энергетика министрлигинин аткаминерлеринин ишендирүүсүндө тыюу үй жылытууга гана киргизилет. Калган бардык электр энергиясын керектөөгө чектөө жок. “Жыргаганыман жылкычы болуптурмунбу” дегендей өкмөт жыргаганынан ушундай чечимдерге барып жаткан жери жок.
СУУ ТАРТЫШТЫГЫ ӨЛКӨ ИЧИНДЕГИ ЭМЕС, ААЛАМДЫК КӨЙГӨЙ
Айрыкча биздин энергетика тармагыбыздын өзөгүн түзгөн суу энергетикасы быйыл суунун болуп көрбөгөндөй тартыштыгын баштан кечирип жатат. Быйылкы жылдын 5-сентябрына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 391 млн кубду түздү. Ал былтыркы жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу дээрлик 2 миллиард кубга аз. Абанын муздашы менен суу сактагычка келген суунун агымы да азайды. Демек, мындан ары суунун агымы азайса азаят, бирок көбөйбөйт. Тескерисинче, эми суу сактагычтагы сууну көбүрөөк чыгымдай баштайбыз. Өлкөбүздө өндүрүлгөн энергиянын 30%ын түзгөн ири энергоресурсубуз Токтогул суу сактагычында абал чынында эле кооптуу. Андыктан өкмөт бул кыштан чыгуу үчүн ар кандай чараларды көрүүгө аргасыз болууда. Калкты электр энергиясын үнөмдөөгө чакырып, жылытууга газ жана көмүр жагууну сунуш кылууда. Бирок бизде газ менен калктын кичине бөлүгү гана камсыз болгон. Ал эми көмүр да кымбаттап, 6 миң сомдон кем эмес. Калкты көмүр менен жеткиликтүү баада жана кеңири камсыздоо маселеси кандай, азыр аны айтуу кыйын.
Акыркы жылдарда электр энергиясын туруктуу түрдө кошуналардан импорттоого өттүк. Мындан тышкары жакында эле Беларусь Республикасынан да электр энергиясын сатып алуу жөнүндө сөз боло баштады. Бул маселе КМШнын энергетикалык кеңешинин жыйынында көтөрүлгөн.
НЕГЕ КАРА-КЕЧЕ СТАНЦИЯСЫН КУРСАК БОЛБОЙТ?..
Кийинки жылдарда суу азайып, суу сактагычыбыз сууга толбой турат. Суу аздыгынын айынан өлкөнүн ички керектөөсүн канааттандыра албай, энергияны тыштан импорттоого мажбурбуз. Табияттын мыйзамы боюнча мезгил-мезгили менен суунун азаю цикли кайталанып турат деген пикир да айтылып келди. Бирок азыркы кезде климаттын өзгөрүшү, жердин температурасынын глобалдуу ысышы жаратылыш мыйзамынан күчтүүлүк кылып, табигый процесстерге өз өкүмүн кылып жатат. Андыктан суу энергетикасына башка альтернатива болчу булактарды да карап көрүп, чечкиндүү кадамдарга баруу кажет. Беларусь мамлекети энергиянын дээрлик 99%ын жылуулук электр станцияларынан иштеп чыгат экен. Бизде суу энергетикасына катарлаш күн, шамал энергиясын иштеп чыгуу жагында иштер жүрүп жатат. Бирок, айрым эксперттердин пикиринде энергия тартыштыгын Кара-Кече жылуулук станциясын куруу менен толук жоюуга болот. Бул багытта эксперт Эрнест Карыбеков омоктуу ойлорун айтып жүрөт. Эколог, гляциологдор айтып жүргөндөй жакынкы келечекте эле дүйнөдө суу тартыштыгы глобалдуу проблемага айлануусу сезиле баштады. Ошон үчүн сөзсүз суу энергетикасына альтернатива болчу энергия булагын ишке киргизүү маселесин создуктурбай колго албайлыбы?
КЫШ АЗАБЫ, ЫШ АЗАБЫ
Кыш менен кошо борбор калаабызда ыш маселеси кайрадан күн тартибине чыгат. Жакында шаардын мэриясы борбор калаанын жашоочуларына кара-кече көмүрүн жагууга тыюу салган чечим кабыл алып, анын ордуна кошуналардын шабыркүл, кара-жырасын жагууну сунуш кылууда. Биз билгенден дал ушул көмүрлөр газ жыттанган эң ыштуу жана күлү да көп чыгат. Аны учурунда биз да далай жактык. Тескерисинче, каракече көмүрү ышы жок таза, күлү такыр аз жана табын да жакшы кармап тамызгы жыгач отунду аз талап кылган эң сонун отун эмеспи. Анан кантип кара-кече кошуналардын көмүрүнөн зыяндуу экенине түшүнбөй чынында акылым айран таң…
Акыркы жылдары кышкысын борборубуз боз түтүнгө чулганып, экологиялык абалы боюнча дүйнөдөгү эң кир шаарлардын топ башына чыгууда. Быйыл ыштын алдын алуу аракеттери жасалып жаткандай. Июнь айында жылытуу мезгилиндеги шаардын экологиялык абалын жакшыртуу маселеси боюнча жыйында МинКабдын Төрагасы Акылбек Жапаров борбор шаарыбыздын ЖЭБин газга өткөрүү боюнча иштер жасалып жатканын айтты. Эгерде бул ишке ашса ЖЭБде көмүр жагуу 600 миң тоннага чейин кыскарат. Бул дээрлик ЖЭБдин көмүрдү керектөөсүнүн жарымынан көбү дегендик. Ошондой эле шаар мэри Эмил Абдыкадыровдун айтымында шаардагы 22 отказан газга өткөрүлөт. Мындан тышкары ал тигүү өндүрүшүнүн жана резина калдыктарын (дөңгөлөк) сатып алуу маселеси каралууда деген эле. “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын директору Надыр Бекжановдун айтуусу боюнча быйыл Бишкек ЖЭБине абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгарууну азайтуучу фильтрлер коюлган. Алар ар убак көзөмөлдө болуп, зарылчылыкка жараша алмаштырылып турат деп ишендирүүдө. Буларга кошумча учурда шаардык транспортту газ менен жүргөн унааларга алмаштыруу багытында иштер уланып жатат.
Шаарды бүт тарабынан курчап жайгашкан жаңы конуштарда үйдү жылытууну газга өткөрүү үчүн андагы жашоочуларга үстөк пайызсыз жеңилдетилген насыяларды берүү боюнча быйыл 3-майда Жогорку Кеңеш токтом кабыл алган. ЖК токтому түштүк борборубуз Ош шаарына да тиешелүү. Бул максатта жалпы 2 млрд сом керектелет.