Кышта келген “Жылкычы чымчык”
Белгилүү журналист, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бегалы Наргозуевдин “Жылкычы чымчык” аттуу көркөм тасмасынын бет ачар аземи болуп өттү. Бул тасма анын кинорежиссер катары алгачкы жолу тарткан тушоо кесер тасмасы. “Ат айланып келип казыгын табат” дегендей Бегалы акыры жүрүп бала кездеги, студент кездеги кыялына кайтып келген экен. Ал университетте окуп жүргөн кезинде эле киного кызыкчу. Университетти бүтөр замат гезит-журналдарга, радио-телевидениелерге барбай түз эле “Кыргызфильм” киностудиясына ишке кирген. Он жылга жакын режиссердун жардамчысы, картиналардын директору болуп иштеп жүрдү. Анын кино тартсам деген баёо тилегин капитализмдин катаал шарты чорт үзгөндөй болду. Жаш Бегалы турсун дасыккан, таанымал киночулар табакта ашын таппай, туш тарапка тарап кетишти. Бегалы замандын күрөө тамырын илгиртпей кармап, бизнеске аралашты. Ал бутуна туруп, республикага белгилүү ишкер, андан соң Жогорку Кеңештин депутаты болду. Ошондо да жаш кездеги кино тартсам деген аруу тилеги жанына тынчтык бербей жүрдү. Бегалы акыры жүрүп бала кыялын ишке ашырды. Анын алгачкы жолу тарткан “Жылкычы чымчык” аттуу кино тасмасынын сценарийин Кубатбек Жусубалиев, Актан Арым Кубат, Марат Сарулу жана Жамбы Жусубалиевалар менен биргеликте жазган. Тасманын режиссеру да, продюсери да өзү. Оператору Хасан Кыдыралиев, композитору Баласагын Мусаев. Бул тасма айылда жашаган тоолук адамдардын жан-дүйнөсүнүн тазалыгы, аруулугу жөнүндө баяндайт. Кышы-жайын аскаларын ак кар баскан улуу тоолордун арасында топоз баккан Баялы абышка менен кемпири Шекер жашайт. Ушул акактай таза табияттын арасында төрөлгөн алардын небереси Алтын жыл сайын күз айында айылдагы мектепке окуганы келет. Тоонун бир калыптагы, жайбаракат турмушу айылга келгенде бир аз ыкчамыраак өткөндөй сезилет. Алтын мектепти бүтүп чоң шаарга окууга келет. Шаардын бир тыным албаган, учкан куштай зымыраган жашоосу айылдык кызды таң калтырат. Тасманын өзөгүн адам кандай кырдаалга туш келбесин, айылда, же шаарда жашабасын өзүнүн адепахлагын, ыйманын сактап калыш керек деген улуу чакырык түзөт. “Миң уккандан бир көргөн артык” дегендей, жакшысы тасманы барып көрүш керек. Эл аралык эрежелерге ылайык тасма адегенде кароо-сынактарга катышат. Ошондон кийин гана жергиликтүү кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт.
Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ
№9 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 7-февралы