Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунда биринчи туннелдин курулушу аяктады
Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунда узундугу 209,6 метр болгон №2 Кош-Дөбө (түндүк) туннелинин өтмөгү толук аяктады.
«Кыргыз темир жолу» ишканасы билдиргендей, бул долбоордо өтмөгү толук бүткөн биринчи туннель болуп калды.
Долбоордун алкагында жалпы узундугу 104,084 чакырымды түзгөн 29 туннель куруу каралган. Учурда 28 туннелде курулуш иштери уланууда.
Ишкана биринчи туннелдин өтмөгүнүн аякташы темир жолдун техникалык жактан татаал тилкелериндеги курулуш иштеринин илгерилегенин көрсөтөрүн белгиледи.
Туннелдер тоолуу аймакта заманбап технологиялар жана инженердик чечимдер колдонулуп, коопсуздук талаптары сакталуу менен курулууда.