Кытайда катуу бороон жана сел. 15 адам каза болуп, ондогон киши дайынсыз болууда
Кытайдын борбордук жана түштүк аймактарында катуу жаан-чачын, шамал жана бороон-чапкын катталып, дарыялардагы суунун деңгээли кескин көтөрүлдү. Табигый кырсыктын кесепетинен Хубэй провинциясында кеминде 11 адам каза болуп, 300дөн ашуун киши жаракат алды.
Маалыматка караганда, кырсык Хуанши жана Хуанган шаарларына өзгөчө таасирин тийгизген. Айрым аймактарда торнадо катталып, тогуз адам дайынсыз жоголгон. Жүздөгөн тургундар коопсуз жайларга көчүрүлдү.
Ал эми өлкөнүн түштүгүндөгү Гуанси-Чжуан автономдуу районунда «Майсак» тайфунунан улам нөшөрлөгөн жаан жаап, ири көлөмдөгү суу ташкыны болду. Бул аймакта кеминде төрт адам каза болуп, сегиз киши дайынсыз болууда. Кооптуу аймактардан 50 миңге жакын адам эвакуацияланды.
Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаты «Синьхуа» билдиргендей, жабыркаган аймактарда издөө-куткаруу иштери жана табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу аракеттери уланууда. Гуанси аймагында суу ташкыны коркунучуна байланыштуу өзгөчө кырдаалга даярдыктын эң жогорку деңгээли жарыяланды.
Нөшөрдөн улам айрым дамбалар жабыркап, суу сактагычтардын биринде бузулуу болгон. Социалдык тармактарда жана телеканалдарда жарыяланган кадрларда күчтүү суу агымы бетон курулуштарды талкалап, үйлөрдү жана унааларды каптап кеткени көрүнөт.
Куткаруучулар суу каптаган аймактарда иштеп, кайык менен дайынсыз жоголгондорду издеп жатышат.
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн бардык күчтөрдү жана ресурстарды мобилизациялоого чакырды. Ал жабыркагандарга жардам көрсөтүү, тургундарды коопсуз жайларга чыгаруу жана алдын алуу чараларын күчөтүү зарылдыгын белгиледи.
Окумуштуулардын айтымында, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу мындай экстремалдык аба ырайы көрүнүштөрү мындан ары дагы көбөйүп, кесепети оор болушу мүмкүн.