Кытайдагы бут кийим фабрикасындагы өрттөн каза болгондордун саны 28ге жетти

10-июль, 2026-ж. / Редакция / Кырсык 334

Кытайдын Фуцзянь провинциясынын Цзиньцзян шаарындагы Huiteng Shoes компаниясына караштуу бут кийим фабрикасында чыккан өрттөн 28 адам каза болду. Бул тууралуу «Синьхуа» агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт жергиликтүү убакыт боюнча түш ченде чыккан. Ал учурда өндүрүш имаратында 237 жумушчу жана жеткирүү кызматынын эки кызматкери болгон.

Өзгөчө кырдаал учурунда 213 адам эвакуацияланган. Алардын экөө ооруканада алган жаракатынан улам көз жумган. Ал эми дайынсыз болуп жаткан 26 адамдын сөөгү кийинчерээк табылган.

Өрттү өчүрүү жана издөө-куткаруу иштерине 500дөн ашуун өрт өчүрүүчү жана куткаруучу тартылган.

Окуядан кийин Фуцзянь провинциясынын бийлиги атайын штаб түзүп, кырсыктын себептерин иликтөөгө жана анын кесепеттерин жоюуга киришти. Штабдын курамында беш жумушчу топ иш алып барууда.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, полиция компаниянын ээсин жана коопсуздук талаптарынын сакталышына жооптуу дагы бир нече кызматкерди кармады. Компаниянын банк эсептери тоңдурулуп, өрттүн чыгуу себептери боюнча тергөө уланууда.

10-июль, 2026-ж. / Редакция / Кырсык 334
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X