Кытайдагы көмүр шахтасындагы жарылуудан 90го жакын адам каза болду
Кытайдын түндүгүндөгү Шаньси провинциясында жайгашкан көмүр шахтасында газ жарылып, кеминде 90 жумушчу каза болду. Бул тууралуу Reuters агенттиги Кытайдын Борбордук телекөрсөтүүсүнө шилтеме берүү менен маалымдады.
Кырсык Цинъюань уездиндеги “Люшэньюй” аттуу көмүр шахтасында жума күнү кечинде болгон. Маалыматка ылайык, жарылуу учурунда жер алдында 247 жумушчу иштеп жаткан.
Окуя болгон жерге жүздөгөн куткаруучулар тартылып, издөө-куткаруу иштери уланууда. Жергиликтүү саламаттыкты сактоо мекемелерине 100дөн ашуун адам жеткирилгени кабарланды.
Цинъюань уездинин өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы жарылуунун себептери азырынча тактала электигин билдирди. Ошол эле учурда мамлекеттик маалымат каражаттары шахтадагы газдын деңгээли уруксат берилген ченемден ашып кеткенин жазышты.
Маалыматтарга караганда, шахтанын жетекчилиги кармалып, иликтөө иштери башталган. Көмүр кенин “Tongzhou Group” компаниясы иштетет.
Кытай төрагасы Си Цзиньпин жабыркагандарга жардам көрсөтүү жана аман калгандарды издөө иштерин күчөтүүнү тапшырды. Ошондой эле ал кырсыктын себептерин кылдат иликтеп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылды.
Reuters агенттиги белгилегендей, Кытай акыркы жылдары көмүр шахталарындагы коопсуздук талаптарын күчөтүп, өндүрүштөгү өлүм учурларын азайтууга жетишкен. Бирок AFP маалымдагандай, бул акыркы 17 жылдагы эң ири шахта кырсыктарынын бири болуп калды.
Буга чейин 2009-жылы Хэйлунцзян провинциясындагы көмүр шахтасында болгон жарылуудан 108 адам каза тапкан эле.