Кытай компаниясы Кыргызстанда ГЭС курууга кызыкдар
МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев кытайлык Guangdong Holdings Limited холдингинин өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушууда Кыргызстанга инвестиция тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселеси талкууланды. Кытай тарап өлкөнүн энергетика тармагында мүмкүнчүлүк чоң экенин белгилеп, гидроэлектростанцияларды жана суу менен камсыздоо системаларын курууга кызыкдар экенин билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду менен холдинг учурда кызматташтык боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө. Өкмөт чет элдик инвестицияларды тартуу өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн маанилүү багыт экенин белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар энергетика, айыл чарба, туризм жана инвестиция тармактарында конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга өз ара кызыкдар экенин ырасташты.