Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу: 3,5 млн куб метр жер казылды

26-март, 2026-ж. / Редакция / Айыл чарба 169

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушуна 5 миңден ашуун адам жана 5,6 миңден ашык техника тартылып, иштер улантылууда. Бул тууралуу 2026-жылдын 24-мартында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков темир жол долбоорун ишке ашырып жаткан компаниянын өкүлдөрү менен өткөн жумушчу жыйында белгилүү болду.

Жыйынга Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын жана долбоорго катышкан тараптардын өкүлдөрү катышты.

Маалыматка ылайык, учурда долбоордук материалдар даярдалып, чиймелерди тактоо жана тиешелүү макулдашуулар жүргүзүлүүдө. Ошол эле учурда курулуш аянттарында негизги иштер башталып, тоннелдерди казуу, жер иштерин жүргүзүү жана көпүрөлөрдү куруу багытында иш алып барылууда.

Бүгүнкү күнгө чейин 3,5 миллион куб метрден ашык жер казылып бүттү.

Жыйында министр коопсуздук жана экологиялык талаптарды так сактоо зарылдыгын белгилеп, Министрлер Кабинети долбоорду ишке ашырууда бардык зарыл колдоону көрсөтөрүн билдирди.

26-март, 2026-ж. / Редакция / Айыл чарба 169
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X