Кытайда чет өлкөлүктөрдү онлайн каттоо башталды

25-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 169

Тышкы иштер министрлиги Кытайда жүргөн жана барууну пландап жаткан жарандарга жаңы каттоо тартиби тууралуу эскертти.

Маалыматка ылайык, Кытай Эл Республикасы чет өлкөлүк жарандарды онлайн каттоо боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизди. Система 2026-жылдын 20-мартынан тарта бир катар аймактарда, анын ичинде Хэбэй, Ляонин, Чжэцзян, Хубэй, Сычуань провинцияларында, Гуанси-Чжуан автономиялуу районунда жана Чунцин шаарында колдонулууда.

Жаңы тартипке ылайык, мейманканадан тышкары жерде жашаган чет өлкөлүк жарандар 24 сааттын ичинде жашаган жери боюнча каттоодон өтүүгө милдеттүү. Бул талап мурдагыдай эле күчүндө калат.

Каттоону онлайн форматта 移民局 12367 тиркемеси, ошондой эле WeChat жана Alipay аркылуу жүргүзүүгө болот. Онлайн каттоо салттуу ыкмадагы каттоо менен бирдей юридикалык күчкө ээ.

Тышкы иштер министрлиги Кытайда жүргөн кыргызстандыктарды каттоо талаптарын так сактоого чакырып, суроолор жаралган учурда Кыргызстандын Кытайдагы элчилигине кайрылууну сунуштады:
📞 13001904346
📱 +996 508 888 213 (WhatsApp)

25-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 169
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X