Кытайда коронавируска каршы кандай вакциналар колдонулуп жатат?
Кытайда калкты жапырт эмдөө программасынын алкагында2,2 миллиарддан ашуун вакцинанын дозасы элге сайылды. Бул тууралуу Кытайдын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
«26-сентябрга карата Кытай Эл Республикасынын 31 аймагында жалпы 2 миллиард 200 миллион 202 миң доза вакцина колдонулду», — деп жазылат ведомствонун сайтында.
Кытайдын жугуштуу оорулар боюнча башкы адиси Чжун Наньшаньдын буга чейинки билдирүүсүндө, калктын 80 пайызы жылдын соңуна чейин эмделип бүтөт. Расмий маалыматка ылайык, учурда Кытайда 1,4 миллиарддан ашуун адам жашайт.
Белгилей кетсек, Кытай бийлиги өлкө аймагында 4 вакцинаны колдонууга уруксат берген. Алар: залалсыздандырылган Beijing Kexing Zhongwei Biotechnology компаниясынын Sinovac препараты, Ухандын биопрепараттарды изилдөө институту тарабынан чыгарылган Sinopharm, China National Biotech Group компаниясынын Sinopharm вакцинасы жана CanSino Biologics компаниясынын Ad5-nCoV аденовирустук вектордун негизинде иштелип чыккан рекомбинанттык вакцинасы.
Бүгүнкү күндө Кытайда калкты коронавируска каршы эмдөө ыктыярдуу жана акысыз негизде жүргүзүлүп жатат.