Кытай парламенти тамак-аш ысырапкорчулугуна каршы күрөшүү боюнча мыйзамды жактырды. Мыйзам өлкөнүн жогорку мыйзам чыгаруучу органы болгон Бүткүл Элдик Конгресстин туруктуу комитетинин сессиясында добуш берүүнүн жыйынтыгында кабыл алынган.
Кытайда өкмөт үчүн тынымсыз кыйынчылык болуп, эбегейсиз көп калкты кантип багуу керек деген суроо келип чыккан. Бул көйгөй чечилди, эми бийлик ири масштабга жеткен продукцияны ысырапкорчулукка каршы күрөшүү менен алек.
Кытай лидери Си Цзиньпин «тамак-ашты ысырап кылуу көрүнүштөрү үрөй учурат жана капа кылат»,- деп айтып, шаар тургундарынын арасында азык-түлүккө болгон ченемди жайылтууну буйруду. Кытай Эл Республикасынын Төрагасы элди тамакты ысырап кылбоого жана акчаны үнөмдөөгө чакырды.