Кытайдагы поезддерде жүргүнчүлөрдү робот-гуманоиддер тейлөөдө
Кытайда поезддерде жана вокзалдарда адамга окшош робот-гуманоиддер жүргүнчүлөрдү тейлеп жатат. Бул тууралуу «Синьхуа» маалымат агенттиги кабарлап, бул учурда Кытайда белгиленип жаткан Чуньюнь — жаз майрамындагы эс алууга байланыштуу элдер жакындарына поезд менен көп катташарын айтты.
Маселен, Ханчжоу шаарынын темир жол вокзалында «Фусин» аттуу робот жүргүнчүлөрдү тосуп, кыскача маалымат берет. Ал поезддерде жүргүнчүлөр менен саламдашып, убакыт, өтмөктөр жана аба-ырайы тууралуу суроолорго жооп берүүдө.
Ал эми дагы бир башка поездде роботтор балдар менен үстөл оюндарын ойноп, баарлашууда Аэропорттордо дагы робот иштеп, жүргүнчүлөрдү жол көрсөтүп, кол баштыктарын ташууга жардамдашууда.
Изилдөөлөргө ылайык, 2025-жылы дүйнө боюнча 15 миң даана адам сымал роботтор жасалган. Алардын 90 пайызга жакынын кытайлык компаниялар чыгарган.