КР Тышкы иштер министри Руслан Казакпаев Кытайдын Сиань шаарындагы иш сапарынын алкагында, Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен жолугушту. Жолугушууда тараптар бир катар маселелерди талкуулашты.
Руслан Казакбаев Кытай мамлекетинин Кыргызстанга COVID-19 вирусу менен күрөшүү үчүн март айында кайтарымсыз негизде 150 миң доза вакцина бергени үчүн ыраазычылык билдирди.
Министр Ван И, Кытайдан Кыргызстанга дагы 150 миң доза вакцина гуманитардык жардам түрүндө бериле турганын билдирди.