Кытайдан гуманитардык жүк келди

14-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Медицина 26

Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдук районунан Кыргызстанга гуманитардык жардам катары медициналык жеке коргонуучу каражаттар келди. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Гуманитардык жардамдын ичинде 3 млн медициналык беткап, 100 миң К№95 беткабы жана 20 миң коргонуучу кийим бар. Жүктү Саламаттык сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов тосуп алды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X