Эт бышырып, жардам жөнөтүштү. Блогер менен төрагадан кызыктуу контент

12-май, 2026-ж. / Редакция / Видео 228

Бүгүн социалдык тармактарда ишкер жана блогер Сыныш Кекеев менен Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев тартылган видео тарады.

Видеодо алар кызгалдак өскөн талаада ак көйнөк кийип алып, козунун этин бышырып жатканын көрүүгө болот.

Блогердин айтымында, даярдалган сый тамак таттуулар менен кошо карылар үйүнө жана Үмүт балдар үйү тарбиялануучуларына жөнөтүлгөн.

Видео социалдык тармак колдонуучулары арасында кызуу талкуу жаратып, айрымдар аны кайрымдуулук акциясы катары бааласа, башкалары өз пикирлерин билдиришүүдө.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X