«Кызмат» жана «Түндүк» IT-блоктору биргелешкен иштин жаңы этабын баштады

1-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 150

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Тургунбекович «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин IT-блогуна барып, учурда ишке ашырылып жаткан санариптик долбоорлордун жүрүшү жана жетишилген жыйынтыктары менен таанышты.

Иш сапардын алкагында ал ошондой эле Президентинин Иш башкармалыгы тарабынан кыска мөөнөттө даярдалган Түндүк компаниясынын IT-блогунун жаңы кеңсесин көрүп чыкты.

Белгилей кетсек, «Кызмат» мамлекеттик мекемеси менен «Түндүк» ААКнын IT-блокторунун бир имаратта жайгашуусу адистердин өз ара кызматташуусун чыңдоого, биргелешкен долбоорлордун натыйжалуулугун арттырууга жана жаңы санариптик чечимдерди иштеп чыгууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Санариптик трансформация — бул технологияларды киргизүү гана эмес, жалпы максаттарга жетүү үчүн кесипкөйлөрдүн күчүн бириктирген натыйжалуу командалык иш. Мындай кызматташтык мамлекеттик кызматтарды өнүктүрүүгө жана жарандар үчүн заманбап санариптик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

1-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 150
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X