Соода тармагында эмгектенген, бүгүнкү күндө 80 жаштын кырында ааламды кырдан карап турган Уркалый Кудайбергенов үйүндө кой союп, меймандарды чакырып, Фридрих Энгельстин 200 жылдыгын белгиледи. Анын чыгармалары жана Карл Маркска, адамдарга жасаган жакшылыктары жөнүндө сөз болду. Башкалар өзүлөрүнүн туулган күндөрүнө чакырышчу эле. Ал эми Уркалый ага жалпы адамзат жөнүндө ой жүгүрткөн генийдин мааракесин белгилегени мактоого, колдоого татыктуу деп эсептейм. Ушундай адамдар көп болсо, Кыргызстан өнүгүп-өсөт деген ойдомун.
Карбалас БАКИРОВ