«Кызыл диплом» чыныгы артыкчылыкка айланды
Кыргызстанда «кызыл диплом» ээлери үчүн жаңы мүмкүнчүлүк, жеңилдиктер пайда болду. Тактап айтсак, Президент Садыр Жапаровдун 2026-жылдын 13-февралындагы №43 Жарлыгы менен бекитилген жаңы тартипке ылайык, Кыргызстандагы өзгөчө статуска ээ болгон жогорку окуу жайларды айырмачылык диплом менен аяктаган бүтүрүүчүлөр мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтын кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервине сынактан тышкары кире алышат.
Акыркы күндөрү бул жаңылык коомчулукта кызуу талкууланып, айрыкча жогорку окуу жайды артыкчылык диплом менен аяктаган жаштардын арасында кубануу жаратууда. Көпчүлүк бүтүрүүчүлөр муну окуудагы көп жылдык эмгектин бааланганы катары кабыл алышууда. Бирок жаңылыктын маанилүү бир жагы бар. Бул артыкчылык бардык «кызыл диплом» ээлерине тиешелүү эмес.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматына таянсак, жеңилдик алуу укугуна ээ болуу үчүн бир нече шарт бар. Биринчиден, бүтүрүүчү өзгөчө статуска ээ болгон жогорку окуу жайлардын бирин аякташы керек. Анан да маселе 2025-жылдан тартып кызыл диплом алган бүтүрүүчүлөргө карата колдонулат. Агенттиктин маалыматы боюнча 2025-жылдан тартып өзгөчө статуска ээ болгон жогорку окуу жайларды айырмачылык, башкача айтканда, «кызыл» диплом менен аяктаган бүтүрүүчүлөр жеке арызынын негизинде мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтын кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервине сынактан тышкары тартипте киргизилүүгө укуктуу. Бул укук Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-апрелиндеги №78 Мыйзамы менен бекитилген. Тиешелүү өзгөртүүлөр 2025-жылдын 2-майынан тартып күчүнө кирген.
Эмгек бааланганы жакшы
Кызыл диплом студент үчүн жөн гана документ эмес. Анын артында бир нече жылдык жогорку көрсөткүч, экзамендер, курстук жана дипломдук иштер, тынымсыз эмгек турат.
Ошондуктан мамлекеттик кызматка кирүүдө мындай бүтүрүүчүлөргө өзгөчө мүмкүнчүлүк берилери тууралуу маалымат жакшы маанай жаратты.
Айрыкча жаш адистер үчүн мамлекеттик кызматка биринчи кадамды жеңилдеткен мындай мүмкүнчүлүк маанилүү. Анткени буга чейин жогорку окуу жайды артыкчылык менен бүтүрүү мамлекеттик кызматтагы конкурс жол-жобосунан автоматтык түрдө бошоткон эмес. Бул маселе буга чейин да коомдук жана парламенттик деңгээлде көтөрүлүп келген. Эми айрым бүтүрүүчүлөр үчүн окуудагы жетишкендиктин мамлекеттик кызматтагы конкреттүү укуктук артыкчылыгы пайда болду.
Кайсы окуу жайларга тиешелүү?
Сынактан тышкары кадрлар резервине кирүү укугу Кыргызстанда өзгөчө статуска ээ болгон төмөнкү 12 жогорку окуу жайды айырмачылык диплом менен аяктаган бүтүрүүчүлөргө берилет. Алар:
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети, И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Б.Н Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети, Ж. Абдрахманов атындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы, Ош мамлекеттик университети, Баткен мамлекеттик университети, К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети, С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети, Талас мамлекеттик университети.
Демек, ушул окуу жайлардын бирин 2025-жылдан тартып айырмачылык диплом менен аяктаган бүтүрүүчүлөр өз укуктарынан пайдалана алышат.
Жазгүл Кенжетаева