"Эркин-Тоо"

Кызыл-Кыяда милициянын демилгеси менен видеобайкоолор орнотулууда

Кызыл-Кыя шаарынын аймагында кылмыштуулукту алдын алуу, коомдук тартипти сактоо жана элдин турмуш-тиричилигине терс таасирин тийгизген уурулук кылмыштарына бөгөт коюу багытында милициянын демилгеси менен мал базарларга видеобайкоолор орнотулуп, базарга келген жарандарга мал уурулукту, чөнтөк уурулукту алдын алуу багытында милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы Караван айылындагы мал базарга видеобайкоо орнотулуп, кылмыштуулукту алдын алуу багытында иштер алып барылып жатат.

Коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулукту алдын алууда элге сапаттуу сервистик тейлөөлөрдү көрсөтүү максатында милициянын көчмө кабылдамасы түзүлгөн графиктин негизинде шаар ичиндеги кичи райондорго барып эл менен жолугууда.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!