Кызыл-Кыядагы 7 кабаттуу үй боюнча текшерүү жүргүзүлдү

14-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 82

Кызыл-Кыя шаарындагы Кулатов көчөсүндө, Пост ГАИ участкасында курулуп жаткан 7 кабаттуу турак жайга байланыштуу жергиликтүү тургундардын кайрылуусунун негизинде пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлдү.

Тургундар курулуш иштеринен улам коңшу үйлөрдүн дубалдарында жаракалар пайда болушу мүмкүн экенин билдиришкен. Бирок текшерүүнүн жүрүшүндө көрсөтүлгөн жаракалар турак жайдын курулушу башталганга чейин эле пайда болгону аныкталды.

Ошондой эле объект тиешелүү мыйзамдардын, курулуш ченемдеринин жана Кызыл-Кыя шаарынын башкы планынын талаптарына ылайык бекитилген жумушчу долбоордун негизинде курулуп жатканы белгиленди. Объект мамлекеттик экспертизанын оң корутундусун алган жана 2026-жылдын 15-июлунда Мамлекеттик курулуш реестрине катталган.

Учурда “Ренессанс Констракшн” ЖЧКсы жүргүзүп жаткан курулуш иштеринин жүрүшү Баткен региондук башкармалыгынын адистери тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X