Кызыл-Үңкүр токой чарбасына 7 млн сомдук долбоор тартылат

13-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 151

Кызыл-Үңкүр токой чарбасын өнүктүрүүгө багытталган 7 миллион сомдук долбоор ишке ашырылат. Долбоор токой аянттарын кеңейтүүгө, көчөттөрдү көбөйтүүгө жана токой фондун натыйжалуу башкарууга багытталган.

Долбоордун алкагында жаш көчөттөр тигилип, толуктоо иштери жүргүзүлөт. Ошондой эле көчөттөрдүн айланасы кашалып, токой чарбасынын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иштер аткарылат.

Демилге аймактагы токой ресурстарын коргоо, сактоо жана көбөйтүүгө, ошондой эле токой чарбасынын ишмердүүлүгүн жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө түзөт.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X