Кызыл-Жардагы психиатриялык ооруканада 57 бейтап мөөнөтүнөн ашык жатат

22-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 132

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Жар республикалык психиатриялык ооруканасында жүргүзгөн мониторингдин жүрүшүндө бир катар системалуу көйгөйлөрдү аныктады.

Маалыматка ылайык, ооруканада 273 бейтап дарыланып жатат. Алардын 100ү соттун чечими менен мажбурлап дарыланууда.

Текшерүүдө стационардык дарылоо мөөнөтү аяктаганына карабастан 57 бейтап ооруканада калып жатканы белгилүү болду. Анын ичинен 39 адам үч айдан ашык, ал эми 18 бейтап беш жылдан бери жана андан көп убакыттан бери чыгарылбай келет.

Колдонуудагы жобого ылайык, стационарда дарылануу мөөнөтү өзгөчө учурларды эске албаганда 90 күндөн ашпоого тийиш.

Оорукананын администрациясы бул жагдайды Ош жана Жалал-Абад облустарында чоңдор үчүн психоневрологиялык интернаттын жоктугу менен түшүндүргөн. Айрым бейтаптардын бара турган жери жок болсо, кээ бирлеринен жакындары баш тартып же байланышын үзгөн.

Мындан улам, дарылоону аяктаган, бирок социалдык камкордукка муктаж бейтаптар орундарды ээлеп, ооруканага чындап муктаж адамдарды кабыл алуу мүмкүнчүлүгү чектелип жатканы белгиленди.

22-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 132
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X