Лебединовка ГЭСинин кубаттуулугу 10 МВтка чейин жогорулатылат

26-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 61

Лебединовка гидроэлектрстанциясында реконструкциялоо иштери улантылып, эски жабдууларды демонтаждоо иштери жүргүзүлдү. Анын алкагында гидроагрегаттар, 6 кВ чыңалуудагы электр жабдуулары, күч трансформаторлору, көмөкчү муктаждыктар үчүн трансформатор жана станциянын түтүк өткөргүчү демонтаждалды.

Демонтаждалган жабдуулардын айрымдарын «Чакан ГЭС» ААКтын башка гидроэлектрстанцияларында кайрадан пайдалануу пландалууда. Бул техникалык ресурстарды үнөмдүү пайдаланууга жана аларды энергетика тармагында натыйжалуу колдонууга шарт түзөт.Нет описания фото.

Реконструкциялоо долбоору Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) кредиттик жана гранттык каражаттарынын эсебинен ишке ашырылууда. Долбоордун подрядчысы — Кытайдын China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясы.

Долбоордун алкагында станциянын жабдууларын модернизациялоо жана анын орнотулган кубаттуулугун 7,6 МВттан 10 МВтка чейин жогорулатуу каралган. Реконструкциялоо аяктагандан кийин ГЭСтин ишинин натыйжалуулугун арттыруу жана энергетикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү күтүлүүдө.

26-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 61
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X