Легендарлуу санаторий жаңы аталыш менен ишин баштады

16-июль, 2026-ж. / Редакция / Аймактарда 103

Жарым кылымга жакын тарыхы бар Ысык-Көлдөгү мурдагы «Кыргыз деңизи» санаторийи масштабдуу реконструкциядан кийин «Кыргызалтын Резорт» деген жаңы аталышта ишин кайрадан баштады.

Өткөн жылы эс алуу комплекси Президенттин тапшырмасынын негизинде «Кыргызалтын» ачык акционердик коомуна өткөрүлүп берилип, анда кеңири оңдоо жана жаңылоо иштери жүргүзүлгөн.

Реконструкциянын жыйынтыгында заманбап медициналык борбор, эс алуу аймактары, спорттук аянтчалар, жаңы пляж жана узундугу 205 метрди түзгөн пирс пайдаланууга берилди.

Жаңыланган курорт учурда алгачкы конокторун кабыл алып жатат. Долбоордун негизги максаты — эс алуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, ден соолукту чыңдоо кызматтарын жаңы деңгээлге чыгаруу.

Адистердин баамында, «Кыргызалтын Резорт» жакынкы жылдары Ысык-Көлдүн ири туристтик жана ден соолукту чыңдоочу борборлорунун бирине айланышы күтүлүүдө.

16-июль, 2026-ж. / Редакция / Аймактарда 103
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X