Лейлек районунда «Өспүрүм эмгек» аталышындагы алдын алуу рейди өткөрүлдү
2026-жылдын 15–17-июль күндөрү өтүп жаткан «Өспүрүм эмгек» аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасынын алкагында Лейлек РИИБдин Жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүлөрү тарабынан рейд уюштурулду.
Иш-чарага Раззаков шаарынын мэриясынын социалдык маселелер боюнча адиси жана Лейлек райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери катышып, биргелешкен текшерүү жүргүзүштү.
Рейддин жүрүшүндө Раззаков шаарындагы кафе-ресторандарда, базарларда жана соода түйүндөрүндө эмгектенип жаткан жашы жете элек өспүрүмдөр аныкталып, алардын эмгектенүү шарттары текшерилди. Ошондой эле өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоо, мыйзам талаптарын сактоо жана аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча тиешелүү түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлдү.
Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында Балдардын иши боюнча комиссиянын кароосуна 6 материал жөнөтүлдү. Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 102-беренесинин негизинде 2 административдик протокол түзүлүп, мыйзам талаптарын бузган ата-энелерге айып пул салынды.
Бул иш-чара жашы жете электердин мыйзамсыз эмгекке тартылышын алдын алуу, алардын укуктарын коргоо жана коопсуз чөйрөдө жашоо шарттарын камсыз кылуу максатында өткөрүлдү.