Лейлекте мыйзамсыз көмүр казуудан мамлекетке 201 млн сомдон ашык зыян келтирилген

30-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 152

Ош экологиялык прокуратурасы Баткен облусунун Лейлек районундагы токой чарбасынын аймагында мыйзамсыз көмүр казуу фактысын аныктады.

Текшерүү учурунда айрым жооптуу кызмат адамдары мыйзамсыз иштерди токтотууга милдеттүү болгонуна карабастан, кызматтык ыйгарым укуктарын талаптагыдай пайдаланбай, ишканалардын мыйзам бузуу менен иш алып барышына шарт түзгөнү белгилүү болгон.

Маалыматка караганда, «К-А» жана «К-А П» ишканалары бөлүнүп берилген жер тилкелеринен чыгып, 100 миң 519 чарчы метр токой аянтынын кыртышын бузуп, 739 миң 494 куб метр өндүрүш калдыктарын төгүшкөн. Ошондой эле жаратылыш ресурстарын пайдалануу үчүн каралган төлөмдөр төлөнгөн эмес.

Натыйжада токой фондусуна 66 млн 342 миң 540 сом, ал эми мамлекеттик бюджетке 135 млн 214 миң 453 сом зыян келтирилген. Жалпы чыгым 201 млн 556 миң 993 сомду түздү.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») жана 307-беренеси («Жер казынасын пайдалануу жана коргоо эрежелерин бузуу») менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X