Лейлек: Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы түшүндүрүү иштери жүрдү

13-март, 2026-ж. / Редакция / Аймак 24

Жаңы-Жер айыл аймагында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, милициянын көчмө кабылдамасы Лейлектин Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Борбордук айылында иш алып барды. Иш-чарага зомбулуктун алдын алуу боюнча түзүлгөн комитет жана милициянын аймактык өкүлдөрү катышты.

Анын алкагында милиция кызматкерлери айылдагы үйлөрдү кыдырып, жарандарга үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепеттери, мыйзам талаптары жана мындай учурларда кайсы мекемелерге кайрылуу керектиги тууралуу маалымат беришти.

13-март, 2026-ж. / Редакция / Аймак 24
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X