"Эркин-Тоо"

Лейлек районунунда кыз-келиндер окуган медреселерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Лейлек районунун аймагында райондук ички иштер бөлүмүнүн экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан “Нелегал” иш-чарасы өткөрүлүп, Раззаков шаарында жайгашкан Карима эне намазканасында Лейлек райондук жергиликтүү имам хатиби менен биргеликте кыз-келиндер арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Диний жактан билим алып жаткан кыз-келиндер менен экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзамда көрсөтүлгөн жоопкерчиликтер боюнча тааныштырылды. Ошондой эле алардын шарттары, коопсуздугу көзөмөлдөнүп, кылмыштуулуктун алдын алуу багытында суроо-жооптор өткөрүлдү.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!