Лицензиясы жок таксилерге айып пул салуу күчүнө кирди

1-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 153

Кыргызстанда бүгүнтөн тарта лицензиясы жок такси кызматын көрсөткөн айдоочуларга айып пул салуу тартиби иштей баштады. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Жаңы тартипке ылайык, шаар ичинде жана аймактар аралык каттамдарда жүргүнчү ташууга лицензиясы бар таксилер гана уруксат менен иштей алат.

Такси кызматы үчүн лицензия жеке жактарга 500 сом, юридикалык жактарга 1000 сом деп белгиленген.

Талапты бузуп, лицензиясыз иш жүргүзгөн айдоочуларга 7 500 сом, юридикалык жактарга 23 000 сом айып пул салынат.

Мындан тышкары, оор жана анча оор эмес кылмыштар үчүн соттолгондорго лицензия берилбейт. Ошондой эле оң рулдуу унаалар менен жүргүнчү ташууга тыюу салынат.

1-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 153
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X