Ливанда күйүүчү май кризиси күч алууда

10-август, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дүйнө 23

Мамлекеттик маалымат агенттиги күйүүчү майдын тартыштыгы күчөп, нааразы болгон элдин кагылышуусунун натыйжасында үч киши каза болгонун кабарлады.
Бир нече ай бою күйүүчү майдын жетишсиздигин башынан кечирип жаткан ливандыктар бир заматта жеке генераторлорго көз каранды болуп калды. Мындай абалдын жаралышына өкмөттүн импорттук потенциалынын төмөндүгү, аткезчилик жана күйүүчү майга болгон субсидиянын кыскартылышы себеп болууда.
«Абал өтө оор жана биз мындан ары кризис менен күрөшө албайбыз», — деди Нефтетрейдерлер ассоциациясынын өкүлү Фади Абу Шакра.
Учурда бир галлон күйүүчү майдын баасы мурунку жылга салыштырмалуу 220%га жогорулап, контрабандалык сооданын гүлдөшүнө алып келген. Буга байланыштуу Ливан электр энергиясын убактылуу өчүрүү планын кеңейтип, эми үйлөрдү жана ишканаларды күнүнө болжол менен бир саатка гана жарыктандыруу каралган.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X