ЛОГИСТИКАЛЫК БОРБОРЛОРДУН ЭКОНОМИКАГА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ
Кыргызстан 2030-жылга чейинки стратегиялык өнүгүү программасынын алкагында айыл чарба продукциясынын экспорттук мүмкүнчүлүгүн системалуу күчөтүүгө багыт алды. Бул багыттагы эң негизги инструмент – соода-логистикалык инфраструктураны кеңейтүү жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү болуп эсептелет.
Бул убакытты талап кылган, бирок өтө туура тандалган стратегия. Кыргызстан агрардык өлкө катары өзүнүн табигый артыкчылыгын натыйжалуу пайдаланып, “жашыл экономикага” багыт алуу менен туруктуу өнүгүүгө жана экономикалык кубаттуулукту арттырууга жол ачууда.
Бүгүнкү күндө өлкөдө 40 соода-логистикалык борбор, орто жана ири деңгээлдеги 483 кайра иштетүүчү өнөр жай ишканасы иштеп жаткандыгы, 2026-жылдын аягына чейин дагы 75 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ишке кирип, алардын сегизи ири логистикалык
объект болору маалым болду.
Жакында Чүй облусунун Ак-Суу айылында 5 миң чарчы метр аянтты ээлеген, 3 миң тоннага чейинки тоңдурулган продукцияны сактай алган заманбап комплекстин курулушу башталды. Мындай объекттердин айыл аймактарында жайгашуусу өзгөчө мааниге ээ. Анткени, фермерлер үчүн туруктуу сатып алуу каналдары түзүлүп, продукциясын ортомчусуз өткөрүүгө ынгайлуу шарттар түзүлөт. Натыйжада жергиликтүү бюджетке салык түшүүлөрү көбөйүп, жаңы жумуш орундар ачылып, аймактык экономикалык активдүүлүк жогорулайт.
Ошону менен бирге өндүрүлгөн товарларды сактоо мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейиши рыноктогу сезондук тартыштыкты азайтат. Бул баалардын кескин өсүшүн жумшартууга көмөктөшөт. Айрыкча картошка, пияз, мөмө-жемиш сыяктуу тез бузулуучу товарлар боюнча логистикалык борборлор инфляциялык басымды төмөндөтүүчү маанилүү фактор болуп берээри турган иш. Демек, логистика социалдык туруктуулукту камсыз кылуунун да куралы.
Өткөн жылы Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) мейкиндигинде Кыргызстан эт өндүрүү темпи боюнча Казакстанды артка калтырып, биринчи орунга чыкты. 2025-жылдын январь–сентябрь айларында 327,1 миң тонна эт өндүрүлүп, 2024-жылга салыштырмалуу 3 пайыздык өсүш катталган. Бул көрсөткүчтөр логистика менен кайра иштетүүнү кеңейтүү стратегиясы туура нукта өнүгүп жатканын тастыктап
турат.
Кыргызстан географиялык жактан Кытай – Борбор Азия – Евразия экономикалык бирлиги багытындагы маанилүү транзиттик коридордо жайгашкан. Мындай артыкчылыкты туура пайдалануу логистикалык борборлор аркылуу реэкспорт операцияларын көбөйтүп, транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдөн олуттуу киреше табууга мүмкүндүк берет. Бажы, кампалык жана кошумча сервистик кызматтар бюджеттик түшүүлөрдү көбөйтүп, өлкөнүн финансылык туруктуулугун бекемдейт.
Албетте, логистикалык борборлор рыноктун реалдуу талабына эмес, формалдуу пландоого таянып курулса, инвестициянын кайтарымы төмөн болушу ыктымал. Ошондуктан, ар бир долбоор экономикалык негиздемеге, суроо-талап анализине жана санариптик башкаруу системасына таянышы зарыл.
Логистикалык борборлор жөн эле кампаларды куруу эмес. Алар экспортту көбөйтүүнүн, кошумча нарк түзүүнүн, аймактык экономиканы жандандыруунун жана өлкөнүн стратегиялык позициясын бекемдөөнүн негизги инструменти. Туура башкаруу, инновация жана санарип интеграция менен Кыргызстан агрардык-логистикалык хабга айланып, ЕАЭБ рыногундагы позициясын бекемдеп, регионалдык экономикалык борборго айланууга толук мүмкүнчүлүккө ээ.
Күнболот Момоконов