Лыжа туризми боюнча инструктордун кесиптик стандарты коомдук талкууга чыгарылды

17-июль, 2026-ж. / Редакция / Спорт 228

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги «Лыжа туризми боюнча инструктор» кесиптик стандартынын долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Документ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-июлундагы №77 токтому менен бекитилген кесиптик стандарттарды иштеп чыгуу методологиясынын негизинде даярдалган.

Долбоор менен мамлекеттик органдар, тармактык адистер, иш берүүчүлөр жана бардык кызыкдар тараптар таанышып, белгиленген тартипте сунуш-пикирлерин бере алышат.Возможно, это изображение текст

Жаңы кесиптик стандарт лыжа туризми боюнча инструкторлорго бирдиктүү квалификациялык талаптарды киргизүүгө, окутуунун сапатын жогорулатууга жана тоо-лыжа базаларындагы коопсуздукту камсыздоого багытталган. Документте квалификациялык деңгээлдер, эмгек функциялары, кызматтык милдеттер, кесиптик билим жана көндүмдөр так аныкталат.

Ошондой эле стандарт адистерди даярдоо, аттестациялоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын өркүндөтүп, билим берүү программаларын иштеп чыгууда жана кызматкерлердин кесиптик деңгээлин баалоодо негизги документ катары колдонулат.

Мындан тышкары, жаңы стандарт улуттук даярдоо системасын эл аралык талаптарга шайкеш келтирүүгө жана кыргызстандык инструкторлордун квалификациясынын эл аралык деңгээлде таанылышына шарт түзөт. Бул тоо-лыжа курортторунда көрсөтүлгөн кызматтын сапатын жакшыртып, туристтердин ишенимин арттырууга жана кышкы туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө болот.

Белгилей кетсек, лыжа туризми боюнча инструктор эс алуучуларды лыжа тебүүгө гана үйрөтпөстөн, алардын даярдык деңгээлин баалап, коопсуздук эрежелерин түшүндүрүп, мүмкүн болгон кырсыктардын алдын алуу боюнча да жоопкерчилик тартат. Квалификациялуу инструкторлордун көбөйүшү өлкөнүн тоо-лыжа базаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырып, чет өлкөлүк туристтерди тартууга жана кышкы спортту өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X