Мүлк салыгын төлөө мөөнөттөрү (видео)

16-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 14

Мамлекеттик салык кызматы турак эмес мүлк объектилерине салынуучу салыктын төлөө мөөнөттөрү тууралуу маалымат жарыялады.

Ага ылайык, бул салык жыл ичинде төрт жолу — квартал сайын тең үлүштөр менен төлөнөт. Тактап айтканда, төлөө мөөнөттөрү 20-мартка, 20-июнга, 20-сентябрга жана 20-декабрга чейин белгиленген.

Салык мыйзамдарына ылайык, кыймылсыз мүлккө салынуучу салыкты эсептөө жана эсепке алуу Салык кызматы тарабынан жүргүзүлөт. Ал эми салык төлөөчүлөр эсептелген сумманы белгиленген мөөнөттө төлөөгө милдеттүү.

Салык тууралуу маалыматтарды Салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу текшерүүгө болот. Мында турак эмес имараттар, калктуу конуштардын жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер боюнча салыктын туура эсептелгенин текшерүү сунушталат.

Эгер эсептөөлөрдө ката кетсе, маалыматтарды тактоо үчүн Кадастр мамлекеттик мекемесине же Салык кызматынын аймактык башкармалыктарына кайрылуу керек.

16-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 14
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X