М.Иманкулов: Талибдер бийликти алды, биз да ушундай кылабыз дегендерге жол бербейбиз

19-август, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 18

Азаттыктын  “Эксперттер талдайт” көрсөтүүсүнө катышкан КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргызстанда радикалдуу күчтөргө катуу көзөмөл жүргүзүлүп жатканын айтып, ички да, тышкы да абал кылдат анализденип жатканын белгиледи:

“Кээ бир эси жоктор “Талибдер бийликти жеңил эле алып алды. Биз да ушундай кылабыз” деп шыктанышы мүмкүн. Биз андайга жол бербейбиз. Биз мыйзамдуу демократиялык мамлекетпиз. Мамлекеттик органдар ички да, тышкы да маселелерди кылдат изилдеп жатат. Жакында эле жаңы Конституция кабыл алдык, эл жаңы мамлекет башчысын шайлап алды. Биз светтик, демократиялык, мыйзамдуу мамлекетти радикалдуу күчтөр бузушуна жол бербейбиз. Андай чоң коркунуч деле жок. Бирин-серин топтор кармалып жатат, бирок кылдат изилдеп турабыз. “Талибан” бул жакка келбей турганын айтууда, бирок Ооганстанда ошолордун жанында жүргөн, лагерь түзүп алган башка да террордук уюмдар жатышат, баягыдай эле машыгуу жүргүзүп жүрүшөт. Мына ошолордун таасири болушу мүмкүн. Алар биздин улуттук коопсуздукка коркунуч жаратпашы үчүн тийиштүү иш-чараларды жүргүзүп жатабыз”,- деп билдрет Иманкулов.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X