“Маариф” мектеби кандай билим берет?
2018-жылы 1-сентябрда Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келгенде макулдашуулардын арасында “Маариф” фонду менен кызматташтык тууралуу меморандум болгон. Ага ылайык Билим берүү жана илим министрлиги менен Түркиянын Билим берүү министрлиги ошол жылдын 4-сентябрында Кыргыз Республикасында “Маариф” мектептерин ачуу үчүн меморандумга кол коюшкан. Ал эми 2020-жылдын 10-ноябрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана “Маариф” түрк фонду тарабынан “Маариф” билим берүү комплексин ачуу тууралуу келишимге кол коюлуп, анын жыйынтыгында өткөн аптада Бишкек шаарында “Маарифтин” алгачкы мектеби эшигин ачты. Мектептин ачылыш салтанатына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов жана Түркия Республикасынын Вице-президенти Фуат Октай катышты.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов «Маариф» билим берүү комплексинин ачылышы менен мекендештерди куттуктады. “ Балдардын билим алуусуна, өсүп келе жаткан муундун тарбиясына инвестициялоо – туура жана натыйжалуу жол деп ишенем. Жаңы билим берүү комплекси жогорку деңгээлдеги окуу жайларга коюлган заманбап стандарттарга жооп бергендиги кубандырат. Мында балдардын окуусу жана педагогдордун иштөөсү үчүн мыкты шарттар түзүлгөн. Жаңы ийгиликтер жарала берсин», – деди Улукбек Марипов.
Жаңы ачылган заманбап мектеп 400 окуучуга эсептелген, 53 педагог балдарга билим берет. Азырынча мектепте кыргызстандык мугалимдер иштешет. Кийинчерээк Түркиядан адистер чакыртылат. Билим эки багытта берилмекчи. Биринчи багыт – жалпы билим берүү мектептериндей программа менен ишке ашырылат. Ал эми экинчи багытта англис тилине басым жасалат. Мектеп Кембридж эл аралык программасынын IGSCE даражасында билим берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Билим берүү комплекси 6 жаштан 17-жашка чейинки окуучуларды кабыл алат. “Маарифтин” дагы бир өзгөчөлүгү балдарга келечекте кесип тандоону да үйрөткөндүгүндө болмокчу.
Билим берүү акылуу болгону менен баалары арзан жана жеткиликтүү.Жаңы ачылган билим берүү мекемеси эл аралык стандарттарга толук жооп берген комплекс болуп эсептелет. Үч имараттан турган мектепте балдардын татыктуу билим алуусу үчүн мыкты шарттар түзүлгөн. “Маарифти” заманбап компьютердик класстар менен камсыздоо иштерин фонд өзү колго алат.
Маариф” билим берүү фонду Түркияда 2016-жылдын июнь айында негизделген. Мектептердин негиздөөчүсү Түрк бийлиги болуп эсептелет. Учурда дүйнөнүн 44 өлкөсүндө 300дөн ашуун «Маариф» билим берүү мекемелер тутуму иш алып барып, анда болжол менен 43 миң окуучу билим алууда.
Фонд түзүлгөн 2016- 2018-жылдар аралыгында Мавритания, Джибути, Мали, Сомали, Чад, Нигер, Конго, Сенегал, Гвинея, АКШ, Косово, Грузия , Босния сыяктуу өлкөлөрдө 108 мектеп ачылган. АКШ биринчилерден болуп фонддун ишмердүүлүгүнө макулдугун берип, мектептерин ачууга уруксат берген. Алар учурда ийгиликтүү иштеп жатат.
Фонд түзүлгөндөн тарта “Маариф” мектептерин кайсыл өлкөдө болбосун мектептерди өз каражатына куруп бергенге даяр экендигин билдирип келет. Мектеп кайсыл өлкөдө ачылса, ошол өлкөнүн билим берүү мыйзамдарына ылайык иштейт. “Маарифтин” окуучулары Түркияда окууга укук алышат жана дипломдору кынтыксыз таанылат. Бул фонддун билим берүү комплекстеринин бүтүрүүчүлөрү келечекте Түркиядан билим алуу мүмкүнчүлүгү берилет дегендик.
“Маариф” түрк тилинен – кыргызчага “эл агартуу” деп которулат.
Баса белгилеп кетүүчү жагдай, мектептин филиалдары жакынкы жылдары Кыргыз Республикасынын аймактарында да ачылмакчы.
Жазгүл Кенжетаева