Маданий иш-чарадагы кемчилик: Бишкекте эки жетекчиге сөгүш берилип, бири кызматтан алынды

2-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 413

Бишкек шаарынын мэриясы 1-июнда «Ала-Тоо» аянтында өткөн майрамдык иш-чара учурунда орун алган окуяга байланыштуу тийиштүү чараларды көрдү. Тактап айтканда иш-чараны музыкалык коштоодо кеткен кемчиликтер, майрамдын форматына туура келбеген музыкалык чыгармалардын жаңырганы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү.

Иликтөөнүн жыйынтыгында жооптуу кызматкерлерге тартиптик чаралар көрүлдү:

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачевага катуу сөгүш, Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын башчысы Назгүл Мекешовага сөгүш жарыяланды, маданият башкармалыгынын башчысынын орун басары Урмат Белекбаев кызматтан алынды.

Иш-чарада диджей болгон Дельфий оюндарынын катышуучусу буга чейин алган бардык сыйлыктарынан ажыратылды, ошондой эле  мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлөт. Муну менен катар диджей даярдаган музыкалык топтом үчүн жооптуу болгон педагогду да ээлеген кызматынан бошотуу тапшырмасы берилди.

2-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 413
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X