Маданият мекемелерине 117 кызматтык унаа берилет
Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта 17-март күнү маданият мекемелерине жана райондук, шаардык маданият бөлүмдөрүнө 117 кызматтык унааны тапшыруу аземи өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара саат 14:00дө башталып, ага Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев катышат.
Белгиленгендей, кызматтык унаалар маданият мекемелеринин ишин жеңилдетип, аймактардагы кызматкерлердин иш шартын жакшыртууга жана райондук, шаардык маданият бөлүмдөрүнүн мобилдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.