Маданият министрлиги «ПолитКлиниканын» сайтын бөгөттөө өтүнүчүн четке какты

22-февраль, 2023-ж. / Редакция / Жаңылыктар 23

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ЭлТР телеканалынын «ПолитКлиника» сайтын бөгөттөө боюнча арызын четке какты. Бул тууралуу аталган сайт кабарлады.

Маалыматка караганда, министрлик арыз жазууга себеп болгон материалда маалыматтар ачык булактардан алынгандыктан ЭлТРдин арызын артка кайтарган.

«Программа ишенимдүү ачык булактардан алынган фактылык маалыматтар менен камтылганын эске алып, министрлик арызды «Анык эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө» мыйзамдын негизинде кабыл алуу мүмкүн эмес экендигин маалымдайт», – деп айтылат министрликтин ЭлТРге берген жооп катында.

4-февралда «ПолитКлиника»  ЭлТРдин «Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес» дегени калп» деген баштема менен ачык булактарга таянган материал жарыялаган. Анда басылма ЭлТРдин 31-январда чыккан «Кайсы президент энергетикага көп карыз алган?» аттуу сюжетин анализдеп, андагы маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирген.

8-февралда президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков «ПолитКлиника» сайты журналисттик этиканы бузуп, жалган маалымат таратканын Фейсбук баракчасына жазды.

«ПолитКлиника» басылмасынын жетекчиси Дилбар Алимова такталган гана маалыматтарды чыгарышарын белгилеп, дооматтарга өз чындыктары бар экенин билдирди.

20-февралда ЭлТР телеканалы «ПолитКлиника» медиасынын үстүнөн Бишкектин Свердлов райондук сотуна арыз менен кайрылды.

22-февраль, 2023-ж. / Редакция / Жаңылыктар 23
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X