Маданият министрлигинин коллегиясы өтөт
2026-жылдын 19-февралында саат 09:30да Улуттук тарых музейинде Маданият министрлигинин 2025-жылдын 12 айынын жыйынтыгы боюнча коллегиясы өтөт.
Жыйында министрликтин өткөн жылдагы ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары талданып, маданият, маалымат жана жаштар саясаты багыттарындагы жетишкендиктер жана көйгөйлүү маселелер каралат. Ошондой эле алдыдагы мезгилге карата артыкчылыктуу багыттар менен милдеттер аныкталат.
Иш-чарага министрликтин жетекчилиги, ведомстволук мекемелердин өкүлдөрү жана тармактагы адистер катышат.