«Мадина» базарынын айланасындагы кырдаал жолго коюлду

26-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 82

Акыркы эки айда коомчулукта Бишкектеги «Мадина» базарында реконструкцияга даярдык көрүү, соода орундарын бошотуу, жаңы жайлардагы ижара акысы жана өрттөн жабыркаган ишкерлерге компенсация төлөө маселелери талкуу жаратып келди. Соодагерлер өздөрүнүн укуктарын жана соодага салган каражаттарын коргоону талап кылып, алгач социалдык тармактарга чыгып жатышты. Андан соң Президент Садыр Жапаровго кайрылышып, маселеге көңүл бурууну өтүнүшкөн. Ушул аптада, тагыраак айтсак 20-октябрда, өлкө башчысы базарга күтүүсүз барып, кайрылуу жасаган соодагерлер менен жолугушту.
Негизинен “Мадина” базарына байланышкан маселени Бишкек мэриясы жай айларында көтөргөн. Мэриянын максаты шаардагы соода жайларын иретке келтирүү, санитардык талаптарды жакшыртуу жана соодагерлер менен сатып алуучуларга ыңгайлуу шарт түзүү болгону айтылган. Ал эми базардагы ишкерлерге базардын жанындагы аймактан жаңы соода орундарын сунушталары белгилүү болгон.

Бирок, бул сунушту соодагерлер дароо эле кабыл алышкан эмес. Жаңы жайларга көчүү соодагерлер үчүн оңой маселе эмес экендиги айтылып, көпчүлүгү анда жылдап эмгектенип, кардар топтоп, соодасын жолго коюп алышканын, жаңы базарда орундар сатыкка өтө кымбат баада чыгып жатканы айтылган. Ал ортодо августтун аягында базарда өрт чыгып, бир катар ишкерлер чыгымга учурап, 50дөй контейнер күйүп кетти. Ошентип, соодагерлер үчүн базарды жаңылоо маселесине дагы бир көйгөй кошулуп, өрттөн келтирилген чыгымдын орду толобу деген суроо коюлуп калган.

Базарлар көп
Кыргызстанда базарлардын орду өзгөчө. Алардан эл күнүмдүк керектелүүчү товарларын сатып алат, ал эми миңдеген адамдар үчүн базар үй-бүлөсүн багып жаткан негизги киреше булагы. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2025-жылы өлкөдөгү кийим-кече, аралаш жана азык-түлүк базарларынын соода жүгүртүүсү 419,6 миллиард сомду түзгөн. Ал эми соода ишканаларынын соода жүгүртүүсү 809 миллиард сомго жакындаган. 2026-жылдын экинчи кварталында Кыргызстанда 317 базар иштей турганы белгилүү болгон. Бул сандар базарлар өлкөнүн соодасында дагы деле чоң орунду ээлерин көрсөтөт. Анткен менен ошол эле учурда айрым базарларда шарттарды жакшыртуу зарылдыгы курч маселе. Унаа токтотуучу жайлардын жетишсиздиги, санитардык абал жана өрт коопсуздугу сыяктуу маселелер көптөн бери чечилбей келе жаткан маселелердин катарын толуктайт. «Мадина» базарындагы өрт да мындай көйгөйлөргө кайдыгер кароого болбой турганын көрсөттү окшойт. Демек, базарларды кандайдыр бир жол менен жаңылоо керек. Бирок, бул иш соодагерлерге кошумча түйшүк жаратпай, алардын да кызыкчылыгы эске алынган шартта жүргүзүлгөнү туура болот.

Президенттин сапары
Андыктан, “Мадинанын” соодагерлеринин кайрылуулары жоопсуз калбай, 20-октябрда Президент Садыр Жапаров базарга өзү барды. Жолугушууда соодагерлер мамлекет башчысына болгон арызынын баарын айтышты. Сүйлөшүү жандуу өтүп, Президент жаңы жайларга көчкөн ишкерлерди үч айга ижара акысын төлөөдөн бошотуу боюнча тапшырма бергенин президенттин басма сөз кызматы билдирди. Андан соң жаңы базардын кимге таандык экени тууралуу айтылып келген такталбаган кептерге да чекит коюлду. Маалыматка караганда, базар курулуп жаткан жердин ээси долбоорду аягына чыгара албай, аны өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүп берген. Анын жумшаган каражаты базар киреше бере баштагандан кийин этап-этабы менен кайтарылмакчы. Учурда жаңы базарды ачууга даярдык көрүлүп жатканы айтылды. Президент соода жайларын кыдырып көрүп, ишкерлер үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарт түзүү зарылдыгына көңүл бурду.

Көңүл сыртында калган жок
Президент эски «Мадина» базарына да барып, август айындагы өрттөн жабыркаган соодагерлердин да ал-жайын сурады. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жабыркагандарга компенсация эски базар жайгашкан жер тилкесинин ээсинин эсебинен төлөнөрү айтылган. Мындан тышкары, соода орундарын базардын мурдагы ээлеринен сатып алган ишкерлердин кайрылуулары да өзүнчө каралмай болду. Ар бир жагдай укук коргоо органдарынын катышуусунда иликтенери айтылды. Бул ишкерлер үчүн маанилүү маселе. Анткени айрымдары соода орундарын сатып алууга көп каражат жумшаганын билдирип келишет. Мындай учурда алардын документтери, келишимдери жана укуктары ар бир жагдайга жараша каралышы керектиги мыйзам ченемдүү иш. Ал эми жаңы базардын администрациясынын маалыматына караганда, соодагерлердин 90 пайызга жакыны жаңы соода орундарына көчүп барган. Президент Садыр Жапаров да базардагы жолугушуудан соң, Президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевге базарды ачууга даярдык көрүү иштерин аяктап, ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө көңүл бурууну тапшырды. Жаңы «Мадина» базары ноябрдын башына чейин толук даяр болуп, иштей башташы керектиги айтылды. Ошентип, жалпысынан, «Мадина» базарынын айланасындагы окуялар базарларды жаңылоодо имаратты оңдоо менен эле чектелбеш керектигин көрсөттү. Базарды заманбап кылуу маанилүү. Бирок соодагерлер жаңы жайга көчүп, ишин улантып, үй-бүлөсүн багууга мүмкүнчүлүк алса гана өзгөрүүнүн пайдасы толук сезилмек. Мындан ары 300дөн ашуун базарларды ирээтке келтирүүдө маселелер жаралбай, мыйзам чегинде гана чечилмек.

Жазгүл Кенжетаева

 

 

26-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 82
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X