Махабат МАВЛЯНОВА, Жогорку Кеңештин депутаты: «АЛИМЕНТ – АЯЛДЫН ӨЧ АЛУУСУ ЭМЕС, БАЛАНЫН МЫЙЗАМДУУ АКЫСЫ»

Алимент – баланын укугу, ата-эненин жоопкерчилиги. Алимент мурдагы жубайлардын ортосундагы өч же тиреш эмес. Бул – баланын мыйзамдуу акысы. Ата‑эне ажырашса да, баланын алдындагы жоопкерчилик ажырабайт. Кыргызстанда ар бир үчүнчү үй-бүлө ажырашып жатканы айтылууда. Натыйжада миңдеген балдар энелердин карамагында калууда. Алимент төлөбөө — бул аялды эмес, түздөн-түз баланы жазалоо. Баланын тамагы, кийими, билими, ден соолугу ошол каражатка байланыштуу.

Мыйзамда алимент өндүрүү тартиби бар. Бирок, көйгөй аткарууда айрым аталар кирешесин жашырат, расмий иштебейт, жоопкерчиликтен качат. Мына ошондуктан акыркы жылдары чараларды катуулатуу демилгеси көтөрүлүп, убактылуу камоо, мамлекеттик кызматтарды чектөө, кылмыш жоопкерчилигине чейин жеткирүү маселеси көтөрүлүүдө. Бул жазалоо үчүн эмес, жоопкерчиликти сездирүү үчүн. Анткени, коом жоопкерчиликти талап кылбаса, жабыркаган тарап — балдар болот. Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова алиментти күч менен өндүрүү эмес, жоопкерчиликти күч менен ойготуу керектигин айтып, тарбия кризисин негизги себеп катары айтты.

— Махабат Эргешовна, алимент маселесинде көбүнчө аялдар жабыркайт деп айтылып келет. Бирок алимент өндүрүү үчүн эркектер да кайрылат экен. Бул канчалык реалдуу көрүнүш?

— Эркектер да кайрылган учурлар бар, бирок бул өтө аз – болжол менен 1%дын тегерегинде. Себеби ажырашкандан кийин балдардын басымдуу бөлүгү энеге калат. Бул мыйзамдык эмес, моралдык жана табигый тандоо. Эне 9 ай көтөргөн баласын башка тарапка бере салууга психологиялык жактан даяр болбойт. Статистикалык жагын карасак, ар бир үчүнчү үй-бүлө ажырашып жатканы айтылууда. Демек, бул маселе – жекече эмес, системалуу социалдык көйгөй. Балдар көбүнчө энеде калгандыктан, алимент өндүрүү маселесинин оордугу да аялдардын мойнуна түшөт.

— Алимент өндүрүү процесси бюрократияга толо, узакка созулат деген нааразычылыктар бар. Мунун негизги себептери эмнеде?

— Биринчиден, аткаруу механизминин алсыздыгы. Мыйзам бар, бирок аны иштеткен система аксап келген. Сот чечим чыгарат, бирок аткаруу бөлүгү кечеңдейт. Экинчиден, адамдык фактор. Сот аткаруучулардын көбү эркектер болгондуктан, кээде “эркектик тилектештик” сезилип калат деген сындар айтылып келет. Бул ачык айтылбаса да, аялдардын арасында ушундай пикир калыптанган. Үчүнчүдөн, экономикалык фактор. Айрым аталар расмий иштебейт, кирешесин жашырат, мүлкүн башка бирөөлөрдүн атына жаздырат. Мындай шартта алимент өндүрүү татаалдашат. Мына ошондуктан азыр аткаруу механизмин күчөтүү зарылдыгы келип чыкты. Башкы прокуратура алимент өндүрүүнү өзүнүн көзөмөлүнө алуу демилгесин көтөрдү. Бул – чоң кадам. Үч күнгө камоо чарасы киргизилип жатат. Бул – жазалоо эмес, жоопкерчиликти сездирүү. Эгер бир жыл ичинде дагы төлөбөсө, жети күнгө чейин камалат. Андан ары кылмыш жоопкерчилиги каралат.

Практика көрсөткөндөй, кыска мөөнөттүү камоо көп учурда натыйжа берет. Туугандары, ата-энеси, жакындары акча чогултуп, алимент төлөнөт. Демек, жоопкерчилик жеке адамга гана эмес, анын социалдык чөйрөсүнө да жүктөлөт.

— Айрымдар “катуу чаралар үй-бүлө институтун алсыратат” дешет. Буга макулсузбу?

— Тескерисинче, жоопкерчиликсиздик үй-бүлө институтун алсыратат. Эгер адам үй-бүлө куруп жатып, “ажырашсам деле эч нерсе болбойт” деп ойлосо – бул кооптуу. Үй-бүлө – моралдык да, юридикалык да жоопкерчилик. Балалуу болуу – жөн гана сезим эмес, бул коом алдындагы милдет. Алимент төлөбөө – бул аялга эмес, балага жасалган адилетсиздик. Албетте, ажырашуу – идеалдуу чечим эмес. Бирок бири-бирин жек көрүп, уруш-талаш менен жашаган үйдө баланын психологиясы көбүрөөк жабыркайт. Маданияттуу ата-эне ажырашса да баласына мээрим төгүп, орток жоопкерчиликти сактай алат. Маселе – деңгээлде.

— Сиз “оорунун симптомун эмес, өзүн дарылоого тийишпиз” дедиңиз. Негизги “оору” эмнеде?

— Негизги маселе – тарбия кризисинде болуп жаткандай. Бүгүн биз ажырашуу көбөйдү деп кейип жатабыз. Бирок жаштарды үй-бүлөгө, жоопкерчиликке системалуу даярдап жатабызбы? Жок. Бала бакчадан баштап үй-бүлө баалуулуктары, улууну урматтоо, кичүүнү ызааттоо, мыйзамдык жоопкерчилик тууралуу түшүнүк берилиши керек. Жогорку класстарда турмуш куруунун укуктук жана моралдык жагы түшүндүрүлүшү зарыл.

Эгер жаш адам алдын ала баламды бакпасам, мыйзам алдында жооп берет экенмин деп аң-сезими менен түшүнсө, ал үй-бүлө курууда да жоопкерчиликтүү болот. Тарбияны ата-эне гана эмес, мектеп да, коом да бирге бериш керек. Азыр ата-эне жумушта, мектеп “тарбия ата-эненики” деп четтеп турат. Натыйжада боштук пайда болду. Ал боштукту телефон, социалдык тармак толтуруп жатат.

— Айрым аялдар алиментти коргонуу куралы катары колдонууга аргасыз экенин айтышат. Бул тенденция эмнеден кабар берет?

— Бул – үй-бүлөлүк зомбулуктун, психологиялык басымдын бар экенинен кабар берет. Көп учурда аял алиментти “өч алуу” үчүн эмес, коопсуздук кепилдиги катары көтөрөт. Эгер зөөкүр күйөө ажырашкандан кийин да тынчтык бербесе, алимент маселеси мыйзамдык тосмо болуп берет. Демек, алимент – экономикалык гана эмес, кээде коргонуу механизми да болуп калууда. Бирок идеалдуу коомдо алимент курал болбошу керек. Ал – баланын мыйзамдуу акысы катары кабыл алынышы керек.

— Күйөөсүнөн алимент албай, балдарын өзү багып жаткан аялдар тууралуу көз карашыңыз?

— Бул жерде бир гана “эрдик” же “аргасыздык” деп айтууга болбойт. Айрымдары үчүн бул – принцип. Айрымдары үчүн – айласыздык. Бирок экономикалык реалдуулукту унутпашыбыз керек. Алимент – көп учурда баланын тамак-ашы, кийими, окуусу үчүн керектүү каражат. Аны албай коюу — кошумча оор жүк. Жакырчылык баланын билимине, психологиясына түз таасир этет. Ал эми балдар – мамлекеттин келечеги. Биз бүгүн алимент маселесин чечпесек, эртең социалдык көйгөйлөрдү көбөйтүп алабыз. Ошондуктан алимент маселеси – жеке үй-бүлөнүн эмес, улуттук коопсуздуктун да маселеси. Жоопкерчиликти күчөтүү – бул жазалоо эмес, келечекти коргоо.

Чынайым Кутманалиева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X