Махабат Мавлянова, Жогорку Кеңештин депутаты: ШКУ Кыргызстанга жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ачат
Кыргызстан үчүн ШКУ — саясий гана эмес, экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жол ачкан маанилүү аянтча. Ири рынокторго чыгуу, инвестиция тартуу жана биргелешкен ишканаларды түзүүдө өлкөнүн потенциалы чоң. Айрыкча айыл чарба, өнөр жай жана туризм багыттары келечектүү. Бул мүмкүнчүлүктөр тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова айтып берди.
— Махабат Эргешовна, ишкерлердин чөйрөсүн жакшы билген инсан катары айтсаңыз ШКУга мүчө өлкөлөр менен соода-экономикалык байланыштардын кеңейиши кыргызстандык ишкерлер үчүн кандай жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат?
— ШКУга мүчө өлкөлөр менен кызматташтыкты кеңейтүү кыргызстандык ишкерлер үчүн ири рынокторго чыгууга жол ачат. Айрыкча айыл чарба продукциясы, текстиль, тамак-аш өндүрүшү сыяктуу тармактарда экспортту көбөйтүүгө чоң мүмкүнчүлүк бар. Мындан тышкары, логистика жана транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, жаңы инвестицияларды тартуу, технологияларды өздөштүрүү багыттарында да олуттуу мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Кыргызстан үчүн бул өзүнүн өндүрүштүк жана экспорттук потенциалын кеңейтүүгө ыңгайлуу аянтча.
— Кыргызстандык ишкерлер ШКУ өлкөлөрүнүн рынокторуна чыгууда кандай артыкчылыктарга ээ? Экспортту көбөйтүү үчүн кайсы тармактарга басым жасоо зарыл?
— Кыргызстандын негизги артыкчылыктарынын бири анын географиялык жайгашуусу. Биз Борбор Азиядагы маанилүү транспорттук багыттардын кесилишинде жайгашканбыз. Ошондой эле экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын өндүрүү мүмкүнчүлүгүбүз жана Евразия экономикалык биримдигине мүчөлүгүбүз да чоң артыкчылык берет. Экспортту көбөйтүү үчүн, биринчи кезекте, айыл чарба жана кайра иштетүү тармагына көңүл буруу керек. Анын ичинде эт жана сүт азыктары, мөмө-жемиш, жаңгак, ошондой эле тигүү жана текстиль секторлорунун потенциалы жогору. Биз чийки затты гана экспорттобостон, аны кайра иштетип, кошумча наркы жогору даяр продукция катары тышкы рынокко чыгарууга умтулушубуз зарыл.
— Айыл чарба, өнөр жай жана туризм тармагында ШКУ өлкөлөрү менен биргелешкен ишканаларды түзүүдө Кыргызстан кандай потенциалга ээ?
— Бул багыттардын ар биринде Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүк бар. Айыл чарбасында биргелешкен кайра иштетүү ишканаларын түзүп, атаандаштыкка жөндөмдүү продукция өндүрүүгө болот. Өнөр жайда текстиль, тамак-аш өндүрүшү жана курулуш материалдарын чыгаруу боюнча биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүгө шарт түзүү зарыл. Мындай ишканалар жаңы жумуш орундарын түзүп гана тим болбостон, заманбап технологияларды жана башкаруунун жаңы ыкмаларын өлкөгө алып келүүгө өбөлгө болот.
Ал эми туризмде Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү өзгөчө чоң. Ысык-Көл, тоо-лыжа базалары, этнотуризм жана экотуризм ШКУ өлкөлөрүнөн келген туристтер үчүн кызыктуу багыттар. Биз бул потенциалды туура пайдаланып, Кыргызстанды региондогу туристтик борборлордун бирине айландырууга аракет кылышыбыз керек.
— Кыргызстандык ишкерлердин реалдуу тажрыйбасына таянсак, ШКУнун алкагында инвестиция тартуу жана жаңы бизнес өнөктөштөрдү табуу үчүн кандай кадамдар зарыл?
— Эң негизгиси мүмкүнчүлүктү күтүп отурбастан, эл аралык рынокко активдүү чыгуу. Кыргызстандык ишкерлер ШКУнун бизнес-форумдарына, көргөзмөлөрүнө жана инвестициялык жыйындарына активдүү катышуусу зарыл. Бул жаңы өнөктөштөрдү табууга, өз продукциясын таанытууга жана инвестициялык долбоорлорун сунуштоого жакшы шарт түзөт. Ошол эле учурда ишкерлердин долбоорлору так, ишенимдүү жана эл аралык талаптарга жооп бере тургандай даярдалышы керек. Продукцияны тиешелүү сапат стандарттарына ылайык сертификаттоо да маанилүү. Анткени ири рынокко чыгууда сапат жана ишеним негизги талаптардын бири. Мындан тышкары, санариптик соода аянтчаларын активдүү колдонуу, мамлекеттик колдоо программаларынан пайдалануу жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү жакшыртуу зарыл. Бүгүнкү күндө товарды өндүрүү эле жетишсиз. Аны дүйнөлүк рынокко өз убагында жана атаандаштыкка жөндөмдүү баада жеткирүү да чоң мааниге ээ. Менин оюмча, узак мөөнөттүү жана ишенимдүү өнөктөштүк түзүү ийгиликтин дагы бир маанилүү шарты. ШКУнун алкагындагы кызматташтыкты туура пайдалансак, Кыргызстан инвестиция тартуу, жаңы технологияларды өздөштүрүү жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча олуттуу натыйжаларга жетише алат.
Чынайым Кутманалиева