Майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо системасы жаңыланат
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К. Сагынбаев менен Саламаттык сактоо министри Д. Осмонов майыптыгы бар адамдарга реабилитациялык кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруу жана анын механизмдерин өркүндөтүү маселелерин талкуулашты.
Жолугушууда өзгөчө көңүл жарандарга майыптык белгиленгенден кийинки этапта көрсөтүлүүчү медициналык жардамга жана зарыл болгон реабилитациялык чараларга бурулду.
Тараптар медициналык реабилитациялоонун учурдагы механизмдерин жакшыртуу, реабилитациялоо жана абилитациялоонун жеке пландарын натыйжалуу ишке ашыруу боюнча пикир алышты.
Ошондой эле жарандардын ден соолугун калыбына келтирүүгө, коомго аралашуусуна жана социалдык адаптациясына шарт түзүү үчүн мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү зарылдыгы белгиленди.
Министрликтер бул багыттагы иштерди мындан ары да биргелешип жүргүзүп, реабилитациялык кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган чараларды координациялоону улантышат.