Медер Абакиров АКШнын жаңы элчиси менен жолукту

20-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 103

Бүгүн, 20-ноябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Кыргыз Республикасындагы Америка Кошмо Штаттарынын жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Стивен Гилленден Ишеним грамотасынын көчүрмөлөрүн кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америка кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.

Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

 

20-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 103
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X