Май айында канча күн эс алабыз?
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги май айында 1-май, 5-май, 9-май майрамдары эс алуу күндөрү деп белгиленгенин маалымдады. 9-май жекшембиге туура келгендиктен, 10-май дагы эс алуу күн болот. “1-май дагы ишембиге дал келгендиктен, 3-май — дүйшөмбү дагы эс алуу күнү болмок. Бирок дем алыш жана майрамдык эс алуу күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында өкмөт тарабынан 2020-жылы 30-декабрда «Дем алыш күнүн жылдыруу» тууралуу токтом кабыл алынган. Ага ылайык, 3-майдагы эс алуу күнү 2021-жылдын 8-январындагы жумушчу күнгө жылдырылган. Ошондуктан Кыргызстанда 3-май жумуш күнү болот”,-делет маалыматта.